Апостиль коюу (апостильдештирүү) Гаага конвенциясына катышкан өлкөлөр үчүн документтерди консулдук мыйзамдаштыруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн варианты болуп саналат. Чет элдик мамлекеттик документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруу боюнча Гаага конвенциясына ылайык (Гаага, 1961-жылдын 5-октябрында) Конвенцияга катышкан өлкөлөрдүн расмий органдарынан келип чыккан документтерге апостиль коюлат. Ал документке кол койгон адамдын койгон колунун жана кызмат ордунан аныктыгын, ошондой эле документке коюлган мөөрдүн же штамптын аныктыгын күбөлөндүрөт. Документтерге апостиль коюу документти Гаага конвенциясына катышкан бардык өлкөлөрдө жарактуу кылууга мүмкүндүк берет.
Апостиль – бул документтерге коюлуучу штамп жана төмөнкүлөрдү күбөлөндүрөт: документке кол койгон адамдын сапатын; колдун аныктыгы; зарыл болгон учурда апостиль документке басылган мөөрдүн же штамптын аныктыгын күбөлөндүрөт.
LEX Express котормо агенттиги өз кардарларына толук кызматы апостиль коюу менен котормолорду сунуштайт. Бул биздин кызматкерлер документтердин бардык талаптарын эске алуу менен документти чет тилине кесипкөй түрдө которуп, сиз менен макулдашылган мөөнөттө котормону күбөлөндүрөт дегенди билдирет.